КЫТАЙДАГЫ ЭЛДИК БОШТОНДУК СОГУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата v>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫТАЙДАГЫ ЭЛДИК БОШТОНДУК СОГУШ (1946–49) – Кытайдагы жарандык согуш. Бул боштондук согуш Кытай КП жетектеген күчтөр м-н АКШ колдогон гоминьдан партиясынын ортосунда чыккан. Экинчи дүйнөлүк согуштун (1939–45) аягында Кытайды гоминьдан ж-а Кытай КПнин өкүлдөрү эки башка башкарып, гоминьдан аскерлери м-н элдик куралдуу күчтөрдүн кагылышуулары болуп турган. Кы­тай КПнин жетекчилиги м-н элдик-демокр. би­римдик фронту калыптанган. Гоминьданчылар­дын армиясын Чан Кайши жетектеген. 1946-ж. жайында гоминьдан армиясы АКШнын кол­доосу м-н бошотулган аймактарга жалпы ча­буул жасап, алардын бир бөлүгүн, а. и. Кытай КП БК турган Яньань ж. б. шаарларды басып алган (1947, март). 1947-жылдын ортосунда Эл­дик-боштондук армия дыйкандардын колдоосу м-н контрчабуулга өтүп, бошотулган аймактар­да дыйкандар рев-яга жигердүү катышып, го­миньдан башкарган аймактарда жапырт иш таштоолор, толкундоолор ж-а дыйкан көтөрү­лүштөрү чыккан. Улуттук буржуазия м-н ин­теллигенциянын гоминьдандык режимге наара­зычылыгы күчөгөн. Натыйжада Элдик-боштон­дук армия гоминьдан аскерлери м-н болгон сал­гылашта чоң ийгиликке жетип, өлкөнүн көп

жерин бошоткон. 1949-ж. апрелде Бэйпинде (Пекин) Кытай КП м-н гоминьдан делегацияла­ры сүйлөшүп, Кытай КП талап кылган шарт б-ча граждандык согушту токтотуу келишимин түзүшкөн. Бирок гоминьдан өкмөтү ал кели­шимди аткарбагандыктан, Элдик-боштондук армия 1949-ж. 21-апрелде кайра чабуулга өтүп, 1950-жылдын башында Кытайды (Тибеттен баш­касын) толук бошоткон. Гоминьданчылар АКШ-нын куралдуу күчтөрүнө баш калкалоо үчүн Тайвань а-на качкан. 1949-ж. 30-сентябрда Кы­тай элдик саясий кеңеши Элдик өкмөт түзүп, 1949-ж. 1-октябрда Кытай Эл Респ-нын түзүл­гөндүгү жарыяланган.