КЫТАЙДАГЫ «МАДАНИЙ РЕВОЛЮЦИЯ»
КЫТАЙДАГЫ «МАДАНИЙ РЕВОЛЮЦИЯ» – 1966–69-ж. интеллигенцияга каршы Кытайда өткөрүлгөн саясий компания; Мао Цзэ-дундун демилгеси м-н жүргүзүлгөн массалык кыймыл. 50-ж-дын аягында Кытай жетекчилигинде улуу державалык, улутчулдук маанай өкүм сүрүп, Мао Цзе-дундун тобу авантюристтик (гегемониялыкка умтулуу, антисоветтик багытта) «чоң секирик» саясатын жарыялаган. Бул саясатты турмушка ашыруу аракеттери Кытайдын эл чарбасын кризиске учуратып, экономикасын начарлаткан. Маочулардын ички ж-а тышкы авантюристтик саясаты өлкөдө, ККПнин жооптуу кызматкерлеринин арасында нааразылык туудуруп, Лю Шаоци ж-а Дэн Сяопин баш болгон оппозиция күч ала баштаган. Оппозицияны жок кылуу ж-а элди баш ийдирүү үчүн маочулар 60- жылдардын 2-жарымында «маданий революция» уюштурган. Анын жүрүшүндө мад-т эстеликтери жок кылынып, маданий нигилизм, антиинтеллектуализм жайылтылды, интеллигенция куугунтукталды. Маочулар армияга ж-а жаштардын алданган бөлүгүнө таянып, парт. ж-а мамл. белгилүү ишмерлерди жетекчиликтен четтетип, ККПнин көп мүчөлөрүн жазалашкан. Саясатта жүргүзгөн иштери үчүн Лю Шаоци м-н Дэн Сяопин «буржуазиялык реакционерлер» деп күнөөлөнүшкөн. Алардын ордуна келген жаңы кадрларды Мао Цзе-дундун идеяларын коргоого үйрөтүшкөн. Кытай эмес элдердин өкүлдөрүн кысымга алуу ж-а аларды ассимиляциялаштыруу күчөгөн. Совет-кытай чек арасын бузууну көздөгөн маочулар антисоветтик ушакты кеңири таратып, 1969-ж. куралдуу кагылышуу чыгарганга чейин барган. Мао Цзэ-дун өлгөндөн кийин К. «м. р.» расмий сынга алынган.