КЫРТЫШТЫН СУУ РЕЖИМИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРТЫШТЫН СУУ РЕЖИМИ – топурак кыр­тышынын нымдуулугу, суу сиңириши, суунун кыртыштагы кыймыл-аракети, чыгымдалышы, өсүмдүктөргө сиңиши. Мында топурак кырты­шынын пайда болушу ж-а түшүм берүү жөндөм­дүүлүгү негизги факторлордон болуп саналат. Нымдуулук атм. жаан-чачынга, кыртыш суу­сунун тереңдигине, аз-көбүнө, тоо тектеринин мех. курамына байланыштуу. Кыртыш канча­лык борпоң ж-а майда көзөнөкчөлүү болсо, ошончолук ным көп болот. Чополуу кыртыш­та ным капилляр көзөнөкчөлөрү аркылуу өтө жай кыймыл-аракетке келип, 4 м бийиктикке көтөрүлөт. Борпоң кыртышта ным бийик көтө­рүлбөй, кыртышка тез тарап кетет. Суу кыр­тыштын курамында суюк, буу, муз, ным түрүн­дө жолугат. Жабышкак, бош, эркин абалда бо­лот. Бош суу оордук күчүнүн таасири астында кыймыл-аракетке келет, агат, сиңет. Топурак кыртышындагы нымдын сакталышы айдап се­бүүгө, сугарууга, структурасын өзгөртүүгө, кыр­тыштын курамына, түзүлүшүнө, физ. касиет­терине, климаттык шартка, аба ырайына, өсүм­дүктөрдүн түрлөрүнө байланыштуу болот.