КЫРТЫШ СУУЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата v>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРТЫШ СУУЛАРЫ – жер астындагы суулар.
Кыртыштын арасынан орун алып, суу өткөрбөс катмардын үстүндө жатат. Жаан, агын суулар, көл, саз сууларынан пайда болот. Өлчөмү жаан­чачынга байланыштуу. Дайыма өзгөрүп турат. Кургакчылыкта деңгээли төмөн түшүп, жаан­дуу күндөрдө көтөрүлөт, курамы, өлчөмү, темп­расы өзгөрөт. Нымдуу климатта хлориддер, суль­фаттар эрип, кыртышка сиңет. Кургакчылык-

та суу бууга айланып, шор пайда болот. Терең­дикте суу көбөйөт, салмагы артат, басымы жо­горулайт. Бул көрүнүш климаттык шартка бай­ланыштуу. Элди суу м-н камсыз кылууда, су­гат тармактарында кеңири колдонулат.