КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ
КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ – 16–19-к-га таандык археол. эстелик. Кочкор р-нунда Дөң-Алыш айылынын түн.-чыгыш чет жакасында жайгашкан. Чийки кыштан салынып, ичи оймо-чиймеленип кооздолгон 14 күмбөздөн турган. Төрткүл ж-а Семиз-Белдеги күмбөздөрдү да кырк чорого байланыштырышат. Жалпы көрүнүшү тик бурчтуу ж-а чарчы түрүндө. Порталдары бышык курулуп, үстү кумпалуу жабылган. Уламыштарда бул күмбөздөрдө Манастын кырк чоросунун сөөгү коюлган делет. Бул күмбөздөрдүн уландысы Ак-Чий көрүстөндөрү деп аталат.

Учурда Семиз-Белде гана жалгыз күмбөз сакталып калган. 1949-ж. археологдор А. Н. Бернштам ж-а Д. Ф. Винник изилдеген.