«КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ТАРЫХЫНЫН ОЧЕРКИ»
«КЫРГЫЗ ЭЛИНИН ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ТАРЫХЫНЫН ОЧЕРКИ» – элдик оозеки чыгармалардын ар кыл жанрлары б-ча изилдөө иштери топтоштурулган эмгек (1973). Жыйнакты белгилүү

фо ль кл о рис т, окумуштуулар – Ж. Су банбеков, С. Мусаев, Р. Кыд ы р б а е в а , Ж. Таштемиров, С. Закиров, Б. Кебековалар түзүшкөн. Анда эмгек, үй лө нү үүл пө т, дин, сүйүү ырлары, ырым ж-а дарымдар, миф ж-а легенда, кошок, арман, санат, терме өңдүү темаларга арналган чыгармалар б-ча изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Бул эмгектен кыргыз элинин өткөндөгү тарыхынан, мад-тынан, салт-санаасынан кеңири түшүнүк алууга болот. «Кыргыз эпостору» аттуу бөлүмдө «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Эр Төштүк», «Жаныш, Байыш», «Курманбек», «Эр Табылды», «Жаңыл Мырза», «Кожожаш», «Мендирман», «Саринжи Бөкөй», «Олжобай менен Кишимжан», «Кедейкан» сыяктуу эпосторго кеңири орун берилип, алардын идеялык, көркөмдүк касиеттери талдоого алынган. Өзгөчө, «Манас» үчилтиги ар тараптан иликтенип (тарыхыйлуулугу, образдар системасы, поэтикасы ж. б.), жыйнактын кыйла бөлүгүн ээлейт. О. эле изилдене элек эпикалык чыгармалар б-ча жалпы маалымат берилип, аларды изилдөөнүн зарылдыгы ж-а жалпы багыттары белгиленген. Жыйнактын аягында «1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшү элдик поэзияда», «Кыргыз элинин сов. доордогу оозеки чыгармаларынын өсүү жолдору» өңдүү макалалар берилип, ошол учурда пайда болгон чыгармалардын жалпы мүнөзү, маани-мазмуну, көркөмдүгү ж-а алардагы элдик эстетиканын чагылдырылышы чечмеленет. Жыйнактагы материалдар сов. идеологиянын негизинде жазылгандыктан, фольклористика илими талап кылган айрым принциптер бузулган учурлар кездешет. Идеологияга кайчы келген айрым элдик түшүнүктөр жымсалдатылган же такыр эле сөзгө алынган эмес. Алсак, дин ырлары туурасында аларды бир беткей каралоо, коомго каршы коюу тенденциясы орун алган. О. эле эпосторду талдоодо, баа берүүдө мезгилдин саясатына баш ийдиреанализдешкен.Марксизмдинклассиктеринин иск-во, көркөм ад-т, фольклористика б-ча айткан жол-жоболоруна, тезистерине өзгөчө баа беришип, ошолорго таянган изилдөөлөр орун алгандыктан, албетте, бул эмгек азыркы күндө баштагыдай күчүн, сапаттык деңгээлин сактай албады. Анын үстүнө ал фольклористика илиминин азыркы жетишкен деңгээлине, талаптарына жооп бербей, ил. сапаты да төмөндөдү, моралдык жактан эскирди. Ошондой болсо да, бул эмгек убагында жогору бааланып, фольклористикага кызыккандардын: мектеп мугалимдеринин, ЖОЖдордун филолог мугалимдеринин, студенттердин, аспиранттардын табылгыс окуу куралы болуп келгендиги, ал азыр да өз сапатын таптакыр жоготуп коё электигин танууга болбойт. Себеби, фольклористика илими көбүнчө консервативдик мүнөздө болуп, мезгилдик идеологияларга тиешеси аз болот. Андыктан, ошол учурда айтылган пикирлердин көпчүлүгү азыр да жарактуу. Айрыкча элдик чыгармалардын көркөм түзүлүшү, жанрдык табияты туурасындагы пикирлер учурда да өз кунун жоготкон жок . Албетте , кийинки учурлардагы изилдөөлөр «Очеркти» кайталап калган жок, алар элдик чыгармалардын идеялык жактарын учур талабына ылайыктап, ошол эле учурда мурда айтылган негиздүү пикирлерди андан ары тереңдетишти.