КЫРГЫЗСТАН КОМПОЗИТОРЛОР СОЮЗУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата v>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗСТАН КОМПОЗИТОРЛОР СОЮЗУ – композиторлор м-н музыка таануучуларды би­риктирген ыктыярдуу коомдук чыгармачыл уюм. 1939-ж. уюшулган. Негизги милдети – эли­биздин муз. мад-тынын ар тараптан өсүшүнө көмөк көрсөтүү м-н анын терең идеалдуулугуна ж-а көркөмдүгүнө көз салуу, муз. кадрларды чыг-лык жактан тарбиялап, алардын профес­сионалдык чеберчилигинин өсүшүнө жардам көрсөтүү. К. к. с-нун иш-аракеттери компози­торлордун жаңы чыгармаларына талкуу уюш­туруп, аны угуучуларга жайылтууга, эмгекчи­лер м-н чыг-лык жолугушууларды өткөрүп, элди эстетикалык жактан тарбиялоого багытталган.
Союздун жогорку жетекчи органы – съезд. Ат­каруучу органы – башкарма, ал жылына 1–2 жолу пленум өткөрүп, өзүнүн курамына пленум аралыгында чыг-лык ж-а практикалык ишти жетектөөчү секретариатты шайлайт. К. к. с-нун өткөн съезддери: 1-съезди – 1948-ж. октябрда, 10-съезди – 2004-ж. июнда өткөн. К. к. с-нун Башкармасынын төрагалары – А. Малдыбаев, М. Абдраев, К. Молдобасанов, С. Осмонов, С. Субаналиев, К. Асанбаев 2009-жылдан Т. Чо­киев.