КЫРГЫЗСТАНДЫН РОССИЯГА КАРАТЫЛЫШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата v>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗСТАНДЫН РОССИЯГА КАРАТЫЛЫШЫ – Россия империясынын 19-к-дагы коло­ниялык саясатынын бир бөлүгү. 19-к-дын орто ченинде Россия м-н Англиянын ортосунда О. Азия үчүн атаандаштык күчөгөн. Англиянын Ост-Индия компаниялары Түш., Түш.-Чыгыш Азияга алып келген товарларынын наркын ар­зандатуу үчүн Кавказдан Мешхед, Мерв ш. ар­кылуу О. Азияга өтүүнү көздөгөн. Натыйжада 18-к-дын аягы – 19-к-дын башында О. Азия Европадан Кытай-Индияга өтө турган маанилүү стратегиялык жолдордун бирине айланган. Орус өкмөтү бул маанилүү соода жолун көзөмөлдөө үчүн Сибирь ж-а Сыр-Дарыя аскер линиясын курууга киришкен. Омск–Кулжа [Омск – Семи­палатинск – Көкбекти – Чугунчак (Чөйчөк) – Кулжа] жолу 2711ден 2376 кмге узартылган. Түш. Казакстан м-н Түн. Кыргызстан, кийин Ко­кон, Бухара, Хива хандыктарын өз курамына киргизүү Россиянын башкы геосаясаты болгон. Ушундан улам орус өкмөтү 1813-жылдан кыр­гыздар тууралуу кеңири маалымат чогултууга өткөн (к. Бубенов А. Л., Зиббернштейн Ф. К.). 19-к-дын 40-жылдары Копол, 1854-ж. Верный чеби (азыркы Алматы ш.) курулган. Ушул жыл­дары Кокон хандыгынын эзүүсүнөн тажаган бугу уруусунун бийи Боронбай бир нече жолу Рос­сия империясынын курамына кирүү ниетинде кат жолдогон; 1855-ж. 7-январда бугу уруусу­нун атынан Качыбек Шераалы уулунун ант берүүсүнөн кийин К. Р. к. башталган. Орус бий­лиги Кырг-нды каратууну ар кыл айла-амал м-н ишке ашырган. Мис., орус аскерлери улам казактарды кыргыздарга каршылаштырып, кыргыз манаптарынын (к. Ормон хан, Жан­тай, Жаңгарач) ынтымагын ыдыратуу үчүн улуу жүз казактарына атайы жашыруун көрсөтмө да берген. Натыйжада Жантай башкарган тынай уруусу орус бийлигин кабыл алууга макулдук

берсе, Үмөтаалы Ормон уулу буга каршы бол­гон. Бишкек чебинин беги Рахматуллага кар­шылашкан Байтик Канай уулу орус бийлигине жакындашса, Жаңгарач орус бийлигине каршы чыккан. Ошентсе да 1862-ж. Токмок, Пишпек­ти, 1863-ж. Куртка чебин караткан; Нарында­гы чериктер орус бийлигин тааныган. 1864-ж. 5-июнда полковник М. Г. Черняевдин отряды (2500 аскер) Олуя-Атаны алып, отряддын бир бөлүгү Талас аркылуу өтүп, Чаткалды ээлеген. Жумгал, Суусамыр, Кетмен-Төбө, Нарынды жер­деген саяк уруулары орус бийлигине 1865-ж. ант берген. Ушундан улам 1867-ж. Үмөтаалы да орус бийлигин тааныгандан кийин, Түн. Кырг-н то­лук Россия империясынын карамагына өтүп, Жети-Суу обл-на баш ийген Токмок уезди түзүлгөн (к. Кыргызстандын падышачылык мез­гилдеги администрациялык бөлүнүшү). Кокон хандыгынын чептеринин (Олуя-Ата, Түркстан, Чымкент, Ташкент) алынышы м-н Сибирь ж-а Сыр-Дарыя аскер линиясы биригип, Түш. Кырг­нды каратууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн. 1867- ж. Түркстан генерал-губернаторлугу уюшулуп, Кудаяр хан Россия м-н тынчтык келишим түзүүгө аргасыз болуп, иш жүзүндө Кокон хан­дыгы да Россияга көз каранды болгон. Ушул кырдаалда Кокон бийлигине каршы кыргыздар­дын көтөрүлүшү башталып (к. Искактын көтөрүлүшү, Кокон көтөрүлүштөрү), Кокон ш. көтөрүлүшчүлөрдүн колуна өткөн. Кудаяр хан­дын ордунда такка отурган Насирдин хан орус бийлигинен жардам сурап кайрылган, натый­жада орус өкмөтү 1875–76-ж. аскер киргизген.
Туруктуу орус аскери тез эле Анжиян (1876, 10- январь), Кокон (1876, 18-февраль), Асаке, Үч- Коргон ш-н ээлеген, Россиянын курамына кирүүдөн баш тарткан кыргыздар Алайга чегин­ген. Наманган уездинин начальниги 1876-ж. жай айларында алайлык кыргыздарды багындыруу үчүн уюштурган куралдуу экспедициянын («Алай экспедициясы») натыйжасында алайлык кыргыз уруулары аргасыздан Россиянын кара­магына өткөн (к. Курманжан датка). Алайлык кыргыздардын багынышы м-н Түш. Кырг-ндын Россиянын курамына кирүүсү аяктаган.