«КЫРГЫЗСТАН» БАСМАСЫ
«КЫРГЫЗСТАН» БАСМАСЫ – Кырг-ндын
мамл., коомдук-саясий, социалдык-экон., өндүрүштүк-тех. ж-а көркөм ад-т басмасы. 1926-ж. Кыргыз автоном обл-нын аткомунун чечими б-ча «Кыргызмамбас» (Кыргызстан мамл. басмасы) деген ат м-н уюшулган, ошол жылы басма 65 миң нускада 26 китеп ж-а китепче чыгарган. Басмадан В. И. Лениндин төрт эмгеги кыргыз тилине которулуп чыгарылган. «К.» б. адегенде Элге билим берүү министрлигинин обл. бөлүмүнө, кийин Кыргыз Эл агартуу комиссариатына, андан соң Кыргыз ССР ЭКСке баш ийген. 1945-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Полиграфия ж-а басма б-ча башкармалыгына, 1964-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Басма б-ча мамл. к-тине, 1968-жылдан Кыргыз ССР Мад-т министрлигинин Полиграфия ж-а басма башкармалыгына, 1972-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Мамбасмакомуна караган. 1964-ж. «Кыргызстан»
басмасы аталган. 1926–75-ж. 157,7 млн нускада 24 242 китеп ж-а китепче чыгарылган. Мындай көрсөткүч 1991-ж. чейин улам өсүп турган. Басманын 8 редакциясы: коомдук-саясий ад-т, экон. ад-ттар, ил.-популярдуу ж-а өндүрүштүк тех. ад-ттар, көркөм котормо, иск-во ад-ттары ж-а заказ алуу редакциясы болгон. «К.» б. Эл достугу ордени м-н сыйланган. Кийин «Акыл» акционердик коомуна айланып, 2006-ж. чейин иштеген.