КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЕЙЛӨӨ ЧӨЙРӨСҮНӨ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕРИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТЕЙЛӨӨ ЧӨЙРӨСҮНӨ ЭМГЕК СИҢИРГЕН КЫЗМАТКЕРИ – ардак наам. 1991-ж. чейин Кыргыз ССРинин тейлөө чөйрөсүнө эмг. сиң. кызматкери. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1965-жылдын 27-августундагы ж-а 1970- жылдын 30-ноябрындагы указы м-н белгиленген. 1991-жылдан КР Президентинин жарлыгы м-н ыйгарылат. Респ-нын мамл. ж-а кооперативдик соода, коомдук тамактануу ишканаларынын ж-а даярдоо, жабдуу уюмдарында, ИИИлеринде ж-а лабораторияларында, окуу жайы, соода ж-а керек-жарак кооперациясы ж. б. уюмдарда кеминде 15 жыл үзүрлүү эмгектенген жогорку ж-а атайын билимдүү кызматкерлерге берилет.