КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК СИМВОЛДОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК СИМВОЛДОРУ – Кырг-ндын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилер. Аларга мамл. туу, герб ж-а гимн ки­рет. Көз каранды эмес респ. болуп жарыялан­ганга чейин мамл. символикалардын бардык түрүндө коммунисттик идеологиянын белгиле­ри (орок-балка, 5 бурчтуу жылдыз, пролетар-

дык ураан ж. б.) сакталып келген. Кырг-н эге­мендүү мамл. болуп жарыялангандан кийин КРдин Жогорку Кеңеши тарабынан 1992-ж. 3-мартта мамлекеттүүлүктүн башкы белгиси бо­луп, кызыл түстөгү туу (авторлору – С. Ипта­ров, Б. Жайчыбеков, Ж. Матаев, М. Сыдыков, Э. Айдарбеков), ошол эле жылы 18-декабрда мамл. гимн (авторлору – Ж. Садыков, Ш. Ку­луев, К. Молодобасанов, Н. Давлесов), 1994-ж. 14-январда мамл. герб (авторлору – А. Абдраев, С. Дубанаев) кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни Сөзү Ж. Садыков, Ш. Кулуевдики Музыкасы Н. Давлесов, К. Молдобасановдуку


Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар,

Элибиздин жаны менен барабар. 

Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.


Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл, Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырың колуңда.

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,

Досторуна даяр дилин берүүгө.

Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине.
Кайырма:
Аткарылып элдин үмүт-тилеги,

Желбиреди эркиндиктин желеги. 

Бизге жеткен ата-салтын, мурасын

Ыйык сактап, урпактарга берели.

Кайырма: