КЫРГЫЗ-НОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ-НОР , К ы р г ы з-Н у р (моңголчо Хирхис-Нор) – Түн.-Батыш Моңголиядагы көл.
К.-Н-дун аталышына байланыштырып, аны кээ бир окумуштуулар (В. Бартольд, Л. Кызласов) кыргыздардын байыркы мекени катары тү-

шүнүшкөн. Буга кытай хроникаларындагы кыр­гыздардын ээлиги хунн ханынын (к. Модэ ша­нүй) ордосунан 7 миң ли батыш, Чеши өлкөсү­нөн 5 миң ли түштүктө жайгашкан деген маа­лымат себеп болгон. 1987–2000-ж. бул жерде археол. казуулар жүргүзүлүп, о. кылымга чейин гяньгунь-кыргыздардын жашабагандыгы далил­денген. Айрым окумуштуулардын (Л. Боровко­ва, Ю. Худяков) пикири б-ча кыргыздардын ээлиги Дзосотын-Элисун чөлүнүн батышы, чы­гыш Тянь-Шандагы Боро-Хоро тоолорунун түн­дүгүнөн орун алып, жужаңдардын кысымы м-н 5- ж-а 6-к-дын 1-жарымында гана Енисейге жы­лышкан (к. Кыргыздар, Кыргыз кагандыгы). Уйгур кагандыгынын талкаланышы м-н (840) К-Н. кыргыздардын карамагында калган.


Ад.: Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бутанаев В. Я., Худяков Ю . С. История енисейских кыргызов. Абакан, 2000; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара­кыргызы. Б., 2001.

Э. Турганбаев.