КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
И. А р а б а е в а т н. – жогорку окуу жайы.
Кыргыз ССР БАКтын токтому м-н 1945-ж. Фрунзе ш-нда кыз-келиндер пед. окуу жайы болуп түзүлгөн. 1950-ж. Кыргыз кыз-келиндердин мугалимдер ин-ту болуп өзгөртүлгөн. Ал

ин-ттун базасында 1952-ж. В. В. Маяковский атн. Кыз-келиндер пед. ин-ту түзүлгөн. КР Президентинин жарлыгы м-н 1992-ж. И. Арабаев атн. Кыргыз мамл. пед. ин-туна (КМПИ), 1994-ж. КР Өкмөтүнүн токтому м-н И. Арабаев атн. Кыргыз мамл. пед. ун-тине (КМПУ) өзгөртүлгөн. 2005-ж. И. Арабаев атн. КМУ статусуна ээ болгон. КМУда 1000ден ашуун окутуучулар иштеп, а. и. 250гө жакын илимдин докторлору ж-а кандидаттары эмгектенишет. 160 докторант, аспирант ж-а магистранттар, 15000ден ашуун студент окуйт. Ун-тте 56 кафедра, 9 ин-т (Гуманитардык билим берүү ин-ту; Жаңы информациялык технологиялар ин-ту, Кадрларды кайра даярдоо ж-а билимин жогорулатуу ин-ту; Лингвистика ин-ту; Мамл. тил ж-а мад-т инту; Педагогика ин-ту; Тарых ж-а социалдыкукуктук билим берүү ин-ту; Экономика ж-а менеджмент ин-ту; Экология ж-а туризм ин-ту), 2 ф-т (Биология ж-а химия; Чыгыш таануу ж-а эл аралык мамилелер), 1 коллеж, 3 кесиптик орто билим берүү бөлүмү; 2 лицей (Гуманитардык ж-а Чыгыш таануу) бар ж-а 58 адистик кесипке даярдоо ишке ашырылат. Ректорлору: А. О. Жолдошева (1945–50), Ж. Мусаева (1951– 54), К. Токтомамбетова (1954–63), Н. Х. Абдуазизова (1963–76), Ж. С. Татыбекова (1977–87), Р. А. Ачылова (1987–92), З. Курманов (1992–94), А. А. Бөрүбаев (1994–98), А. А. Бекбалаев (1998– 2001), А. А. Асанканов (2001–05), А. А. Бекбоев (2005–10), 2011-жылдан Т. А. Абдырахманов.
Т. А. Коңурбаев.