КӨЧМӨНДҮК
КӨЧМӨНДҮК , н о м а д и з м (гр. nomas, nomados – көчүү, көчүп жүрүүчү) – калк тиричилигинин малчылык м-н байланышкан турмуш образынын өзгөчө формасы. Отурукташпаган, бир жерден экинчи жерге көчүп жүргөн көчмөн элдин турмушу. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын аягы – 1-миң жылдыктын башында эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасында же Евразиянын тоо-талаа жерлеринде жашаган уруулардын көчмөн малчылыкка өтүшүнө байланыштуу К. пайда болгон. К-кө өтүү мал башынын көбөйүшүн, ээн жерлердин өздөштүрүлүшүн, уруу аралык байланыштардын өөрчүшүн шарттаган. Адегенде Азиянын Кара деңиз жээктеринин, Түн. Африканын тоо-талааларын мекендеген көчмөн чарбаларда кой, эчки, төө, жылкы багылган; кийинчерээк Арктика аймагында көчмөн бугу чарбасы пайда болгон. О. Азиянын негизги урууларында чоң аймактарга көчүпконуп жүрүүчү чыныгы көчмөн чарбалар 10–11- к-да калыпка салынган. Жер шартына жараша К-түн негизги үч түрү болгон: 1) «меридиандык» (казактар сыяктуу малды жайында түндүккө, кышында түштүккө сүрүү) көчүү; 2) «чөлдүк» (түркмөндөр сыяктуу малды кудуктан кудукка