КӨЧ
КӨЧ – бир орундан экинчи орунга конуш которуу үчүн келе жаткан жүк, кире; Жайлоого көчүүнүн өзүнчө каада-салты, шаан-шөкөтү болгон. Таң заардан туруп, көчкө камынышкан.
Үйлөрдү чечип, кереге-уук, үзүк-туурдуктарды өз-

өзүнчө таңып, төө, топоз, ат, өгүздөргө жүктөшкөн. Аксакал карыялар, байбичелер көч башташкан. Артынан келиндер бала өңөрүп, кыздар аларды жандап, уул балдар кунан-тайын минип, жигиттер мал айдап жөнөшкөн. Кыргыз көчү өзүнчө эле салтанатка айланган. Жол боюндагы айылдардын эли тосо чыгып, «Көчүң байсалдуу болсун!» дешкен. Кыз-келиндер «ак жалгасын» деп ырым кылып, ак (айран, кымыз) сунушкан, чын пейилден тыныгып кетүүлөрүн өтүнүшкөн. Көчүп бараткандар сунулган аякты (же кесени) адегенде ат жалына тийгизип, андан кийин гана жутушкан. Алардын кең пейилине, кайрымдуулугуна, меймандостугуна ыраазычылык билдирип, ак бата берип, жолун улантышкан.