КӨТӨРМӨЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨТӨРМӨЙ – балдардын чүкө оюнунун бир түрү. Анда эки же үч бала ат (сака) калчашып, кимдин сакасы конбой калса, ал чийинден 3– 6 м алыстыкка сакасын таштап, калгандары чийинден анын сакасын аткылайт. Кимисини­ки тийсе, аны сакасы түшкөн жерге чейин көтөрүп барат.