КӨТӨРМӨ 2
КӨТӨРМӨ – ташкынды, селди дарыянын жайылмасынан чыгарбоо үчүн дарыя жээктей курулган тосмо. Кээде көлдөрдүн, суу сактагычтардын жээктерин бекитиш үчүн да курулат.
Түшүнүк геогр. аттардын курамында да кездешет: Көтөрмө (Ноокат районундагы кыштак), Көтөрмө-Арык (Өзгөн районундагы кыштак) ж. б.