КӨРКӨМ CҮРӨТ АКАДЕМИЯЛАРЫ
КӨРКӨМ CҮРӨТ АКАДЕМИЯЛАРЫ – пластикалык иск-вонун ил.-чыг-лык мекемеси; жогорку көркөм сүрөт мектеби. 16-к-да Италияда пайда болгон К. с. а. антика иск-восун– Кайра Жаралуунун улуу чеберлеринин ыкмаларын таанып-изилдеген ж-а сүрөттү иск-вонун башаты катары аздектеген сүрөтчүлөрдүн эркин бирикмеси болгон. 1648-ж. Парижде негизделген алгачкы Живопись ж-а скульптуранын королдук академиясы француз иск-восунун өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. 17–18-к-да Париж академиясынын үлгүсүндө бир катар Европа мамлекеттеринде (Венада, 1692; Берлинде, 1694; Лондондо, 1768). К. с. а. түзүлгөн. Россияда 1757-ж. Петербургда негизделген. 1933-ж. ЖОЖ болуп эсептелген Бүткүл россиялык К. с. а. ачылып (Ленинградда)– 1947-ж. CCCР көркөм сүрөт академиясы түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын улуттук Көркөм сүрөт академиясы 1995-ж. Бишкекте ачылган.