КӨРКӨМ ГИМНАСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨРКӨМ ГИМНА́СТИКА – спорттун бир түрү; аялдардын гимнастика ж-а бий айкалыштырыл­ган түрдүү ийилме ж-а ыкчам кыймылдары му­зыканын коштоосу ж-а тасма, топ, аркан сыяк­туу буюмдун жардамы м-н, кээде ансыз эле ат­карылуучу мелдеши. К. г-нын дене чыңдоо м-н катар эстетикалык тарбия берүүдө да мааниси чоң. Дүйнөнүн чемпионаты 1963-жылдан 2 жыл­да бир өткөрүлөт. Кырг-ндын спортчулары 1968- жылдан СССРдин биринчилигине катышкан. Республикада К. г-нын Л. Иванова, Л. Абдука­римова, Л. Войтюк, И. Литвинова ж. б. өңдүү чеберлери бар. 1984-жылдан Олимпиялык оюн­дардын программасына киргизилген, к. Гимнас­тика.