КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮК – чекити жок өзгөчө сы­зык ж-а бет түшүнүгүн ченөөдө каалаган санда тактоочу ж-а жалпылоочу матем. түшүнүк. Жалпысынан К. т-тү сызыктуу мейкиндиктер м-н теңдештирүүгө болбойт. Анда нөлдүк эле­мент жок ж-а элементтерин кошуу, санга көбөйтүү амалдары аныкталган эмес. Айлана м-н сфера – К. т-кө эң жөнөкөй мисал. Алар түз сызык ж-а тегиздиктен кескин айырмаланат. Айлана м-н сферанын каалагандай чекиттери­нин эң кичине бөлүгүн түз сызык ж-а тегиздик катары кароого болот. К. т. илимдин башка тармактарында да кездешет. Мис., космология­да аалам түзүлүшүн изилдөөдө 4 өлчөмдүү мей­киндик, механикада фазалык мейкиндик, ди­намикалык системаларда геом. өзгөртүүлөр тобу катары каралат. К. т. ар түрдүү жолдор м-н аныкталат же баяндалат.