КӨПТҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨПТҮК – математиканын негизги түшүнүк­төрүнүн бири; бир бүтүн нерсе катары каралуу­чу кандайдыр бир түрдүү объектилердин же эле­менттердин жыйнагы. Жаратылыштагы каала­ган объектилер К. боло алат. Мис., шаар кал­кы, үйлөр, тегиздиктеги чекиттер, чарбактагы бак-дарактар ж. б. Сандан турган К. сан К-ү деп аталат. Эгерде К-түн элементтерин саноого мүмкүн болсо, ал {а, b,...} К. м-н белгиленет (к. Көптүктөр теориясы). Эки К-түн (А, В) жок дегенде бирине тиешелүү болгон бардык элемент­терден турган К. К-төрдүн биригүүсү (С) деп ата­лып, С=АuВ деп белгиленет. К-төрдүн кесили­ши – бир эле мезгилде А көптүгүнө да ж-а В көптүгүнө да тиешелүү болгон элементтерден турган (С) К-ү ж-а С=АnВ түрүндө белгиленет.