КӨП ӨЛЧӨМДҮҮ ГЕОМЕТРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨП ӨЛЧӨМДҮҮ ГЕОМЕТРИЯ – үчтөн көп өлчөмдүү (өлчөө саны үчтөн көп) мейкиндик гео­метриясы. К. ө. г-ны 1746-ж. немис философу И. Кант киргизген. Курчап турган мейкиндик үч өлчөмдүү, тегиздик эки өлчөмдүү, түз сызык бир өлчөмдүү болот. Геометрия алгач үч өлчөмдүү учур үчүн изилденип, кийин гана n>3 өлчөмүн­дөгү учур үчүн, б. а. евклид мейкиндиги, о. эле лобачевский, лиман, проекциялык, аффинылык мейкиндиктерге «К. ө. г.» термини колдонула баштаган. Элементардык геометрияда каралган кадимки евклид мейкиндиги – үч өлчөмдүү, ал эми n – өлчөмдүү евклид мейкиндиги К. ө. г-да каралат, мында n – ар кандай натуралдык сан. Кадимки евклид мейкиндигиндеги че­киттин абалы үч тик бурчтуу координата б-ча аныкталгандай n – өлчөмдүү евклид мей­киндиктеги «чекиттин» абалы х1, х2, ... , хnn координата аркылуу берилет. n – өлчөмдүү ев­клид мейкиндигиндеги эки чекиттин М(х1, х , ... , х ) ж-а М`(у , у , ..., у ) ортосундагы аралык төмөнкү формула б-ча аныкталат: p= (x - y )2 + (x - y )2 + ... + (x - y )2 , мында p – 1 1 2 2 n n эки чекиттин ортосундагы аралык.