КӨП МААНИЛҮҮ ФУНКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨП МААНИЛҮҮ ФУ́НКЦИЯ – аргументтин бир эле маанисине бир нече маани туура келген функция. Өзүнүн маанисин кайталоочу бир маа­нилүү функцияны өзгөртүүдөн К. м. ф. пайда болот. Мис., х2 функциясы өзүнүн ар бир оң маа­нисин эки жолу кабыл алат (аргументтин өз ара белгилери б-ча гана айырмалануучу маани­леринде), анын тескери маанисине өтүү эки маа­нилүү ± x функцияны берет. sinx функциясы өзүнүн маанисине чексиз көп жолу ээ; анын тес­кери маанисине өткөндө чексиз көп маанидеги Аrсsinx функциясын берет. Комплекстүү облус­та ар кандай z=0 болгондо f(z)= n z барабарсыз­дыгы n мааниге, ал эми z=0 болгондо f(z) =Lnz чексиз көп мааниге ээ.