КӨП КАНАЛДУУ БАЙЛАНЫШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨП КАНАЛДУУ БАЙЛАНЫШ – бир эле маал­да көптөгөн кабар алуучуну байланыштыруучу электр байланыш схемасы. К. к. б-та телефон ж-а телеграф кабарлары, телебашкаруу коман­далары, телекөрсөтүү сүрөттөрү, ЭЭМ үчүн маа­лымат байланыш кабели, радиореле ж-а спут­ник линиялары аркылуу берилет. К. к. б. бай­ланыш линиясы тыгыздоо принциби б-ча түзү­лөт. Бул учурда жышт. 300–3400 гц болуп, те­лефон кабарларын берүүнү камсыз кылуучу то­налдык жыштык каналы стандарттуу канал деп аталат. Адегенде 12 стандарттуу каналдан би­ринчи топтошкон тракт түзүлүп, ал 60–108 кгц жыштык тилкесин ээлейт. Практикада 12, 60, 120, 180, 300, 600, 900, 1920, 10800 стандарттуу каналдардан түзүлгөн К. к. б. системасы колдо­нулат. Артыкчылыгы – жыштык спектринин үнөмдүү пайдаланылышы.