КӨП КАНАЛДУУ БАЙЛАНЫШ
КӨП КАНАЛДУУ БАЙЛАНЫШ – бир эле маалда көптөгөн кабар алуучуну байланыштыруучу электр байланыш схемасы. К. к. б-та телефон ж-а телеграф кабарлары, телебашкаруу командалары, телекөрсөтүү сүрөттөрү, ЭЭМ үчүн маалымат байланыш кабели, радиореле ж-а спутник линиялары аркылуу берилет. К. к. б. байланыш линиясы тыгыздоо принциби б-ча түзүлөт. Бул учурда жышт. 300–3400 гц болуп, телефон кабарларын берүүнү камсыз кылуучу тоналдык жыштык каналы стандарттуу канал деп аталат. Адегенде 12 стандарттуу каналдан биринчи топтошкон тракт түзүлүп, ал 60–108 кгц жыштык тилкесин ээлейт. Практикада 12, 60, 120, 180, 300, 600, 900, 1920, 10800 стандарттуу каналдардан түзүлгөн К. к. б. системасы колдонулат. Артыкчылыгы – жыштык спектринин үнөмдүү пайдаланылышы.