КӨП ЖЫЛДЫК ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨП ЖЫЛДЫК ӨСҮМДҮКТӨР – эки жылдан ашык жашаган дарак, бадал, о. эле чөп ж-а чала бадал өсүмдүктөр. Алар белгилүү жашка жет­кенден баштап, көп жолу, көбүнчө жыл сайын (поликарп өсүмдүктөр) гүлдөп, мөмө берүүгө жөндөмдүү. Айрымдарынын жалбырагы бир нече жыл бою түшпөйт (дайыма жашыл өсүм­дүктөр), кээ бириники жагымсыз шартта (кыш,

кургакчылык ж. б.) жалбырагын күбүйт. Көп­чүлүк өсүмдүктөрдүн жер үстүндөгү органдары кышкысын, кургакчылыкта куурап, жер астын­дагы бөлүгү – тамыр-сабагы, азык-тамыры, пияз түбү, тамыры ж. б. жашоосун улантат.