КӨП ГРАНДУУ БУРЧ
КӨП ГРАНДУУ БУРЧ – багыттоочусу жөнөкөй көп бурчтук болуп, көңдөйчөлүү конус түрүндөгү беттен пайда болгон геом. фигура.

Конус түрүндөгү беттин чокусу К. г. б-тун чокусу, ал эми грандары мн түзүлгөн бурч К. г. б-тун жалпак бурчтары деп аталат. Мында ар бир жалпак бурчтун 2-жагы кийинки бурчтун 1-жагы болот, ал эми акыркы бурчтун 2-жагы биринчи бурчтун баштапкы жагы м-н дал келет. Эгерде К. г. б-тун бардык эки грандуу бурчтары барабар болсо, туура К. г. б. деп аталат (сүрөт).