КӨП ГРАНДУУ БУРЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨП ГРАНДУУ БУРЧ – багыттоочусу жөнөкөй көп бурчтук болуп, көңдөйчөлүү конус түрүн­дөгү беттен пайда болгон геом. фигура.

Конус түрүндөгү беттин чокусу К. г. б-тун чокусу, ал эми грандары м­н түзүлгөн бурч К. г. б-тун жалпак бурчтары деп аталат. Мында ар бир жалпак бурчтун 2-жагы кийинки бурчтун 1-жагы болот, ал эми акыркы бурчтун 2-жагы биринчи бурчтун баштапкы жагы м-н дал келет. Эгерде К. г. б-тун бардык эки грандуу бурч­тары барабар болсо, туу­ра К. г. б. деп аталат (сүрөт).