КӨӨЧҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨӨЧҮ — Ысык-Көл обл-нун Түп районундагы кыштак. Талды-Суу айыл округуна караштуу.
Түп-Каркыра автомобиль жолунун боюнда, де­ңиз деңг. 1664 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Түп кыш-нан 17 км түн.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 214 км. Кал­кы 1884 (2007); негизинен мал м-н алектенет.
Негизги мектеп, китепкана, медпункт, клуб бар.