КӨӨЛҮ КЫРКА ТООСУ
КӨӨЛҮ КЫРКА ТООСУ Борб. Теңир-Тоодо. Ак- Суу районунун түш.-батыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн Көөлү, чыгышынан Сары-Жаз, түштүгүнөн ж-а түш.-батышынан Үч-Көл, Сары-Чат өрөөндөрү м-н чектешип, түн.-батышынан чыгышка карай 52 кмге созулат. Туурасы 21 км, орт. бийикт. 4600 м, эң бийик чокусу 5281 м (Конституция). Протерозойдун гранит, гранит-диорит, гнейс, мрамор, сланец, кембрийдин филлит, кумдук, силурдун акиташ теги, девондун андезит, порфирит, доломит, пермдин жегичтүү гранит, сиенит, габроиддери кездешет. Тоо - миздүү кырлар, тик беттер, тегизделген байыркы жондор мүнөздүү болгон мегантиклинорий. К. к. т-ндагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 216,2 км2. Кар чеги 4000-4200 м. Нивалдык-гляциалдык, альп, түштүктү караган беттерде шалбаалуу талаа, субальп ландшафттары кездешет.