КӨҢДҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨҢДҮК — Ош обл-нун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Ой-Тал айыл округуна караштуу. Көң­дук суусунун боюнда, деңиз деңг. 1360 м бийик­те жайгашкан. Райондун борбору Кара-Кулжа кыш-нан 33 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 158 км. Калкы 1113 (2007); не­гизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китеп­кана, ФАП, клуб бар.