КӨМҮРТЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨМҮРТЕК (лат. Carboneum), С - элементтер­дин мезгилдик системасынын IV тобундагы хим. элемент; ат. н. 6, ат. м. 12,011. Жаратылышта туруктуу эки изотоптун аралашмасынан (12С ж-а 13С) турат. Радиоактивдүү изотопторунан маанилүүсү 14С (Т1/2=5570 жыл). Электрондорун оңой берүүчү активдүү металлдар м-н болгон бирикмелеринде оксистенүү даражасы 4кө бара­бар. Элементтердин басымдуу бөлүгү м-н К. бе­кем коваленттуу байланыштагы бирикмелер­ди берет, ага К-тин сырткы электрондук катма­рындагы 4 электрон толугу м-н катышат. Ошон­дуктан көмүртек IV валенттүү, бирок II валенттүү бирикмелери да белгилүү, мис., көмүртек окси­ди СО (ис газы). К-тин негизги минералдары: табигый карбонаттар, күйүүчү кендер (таш көмүр, күрөң көмүр, нефть, жаратылыш газы, чым көң, күйүүчү сланецтер) түрүндө топтолгон.
К-тин орг. бирикмелери тирүү организмдерди түзүүчү материал м-н камсыз кылат. Табиятта алмаз, графит ж-а көмүр түрүндө кездешет. К. бөлмө темп-расында инерттүү, бирок ысытууда көптөгөн заттар м-н аракеттенет. Абада ысытуу­да кычкылтек ашыкча болсо, көмүр кычкыл газына (СО2), жетишсиз болсо, К. (II) оксидине СО чейин кычкылданат да, реакциянын натый­жасында көп сандагы энергия (жылуулук) ж-а жарык бөлүнүп чыгат. Галогендер м-н болгон бирикмелеринен төрт хлордуу К. CCl4 ж-а хло­роформ CHCl3 чоң мааниге ээ. Кукурт м-н ку­курттуу көмуртекти SC2 берет. К-тин калыбына келтиргич касиети металлдардын оксиддери м-н аракеттенуусундө өзгөчө ачык байкалат, мис., ZnO + C = Zn + CO. К. жегичтердин тааси­рине (ысытууда да) туруктуу. Төмөнку темп-рада концентр-ланган кислоталар таасир этпейт, би­рок 100°Сден жогорку темп-рада ысытуудан аморфтук К. акырындык м-н кычкылданат.
К. хлор, бром ж-а йод м-н реакцияга кирип, галогениддерди берет. Кучтуу окистендиргичтер (HNO3, KClO3 ж. б.) К-ти окистендирет. Азот м-н электр тогунун таасиринде цианди (CN)2, H2, N2 аралашмасында ысытканда циан к-та­сын HCN, металлдар м-н жогорку темп-рада кар­биддерди пайда кылат. Алмаздын ири кристалл­дары кооздук буюм катары колдонулат. Ал эми майда, тунук эмес кристаллдары же жасалма жол м-н алынган кристаллдары кесуучу, жыл­малоочу ж-а тоо тектерин бургулоочу аспаптар­да пайдаланылат. Графиттин ысыкка ж-а аг­рессивдуу чөйрөлөргө туруктуулугу, электр то­гун жакшы өткөрушу аны ө. ж-да өтө маанилуу материалдардын катарына коёт. Андан куйма­лар учун калыптар, балкытып эритуу учун ти­гелдер (казандар) ж-а отко чыдамдуу буюмдар жасалат. О. эле графиттин өтө көп бөлугу электр­тех. ө. ж-нда электроддорду, гальваникалык эле­менттерди ж-а аккумуляторлорду, электр кый­мылдаткычтарын даярдоодо, өтө таза графит яд­ролук реакторлордо нейтрондордун ылдамдыгын төмөндөтуу учун колдонулат. Көмурдөн суюк ж-а газ турундөгу куйуучу заттарды, орг. бирик­мелерди синтездеп алууга ж-а кокс, графит ж. б. заттарды алууга болот. Темир куймаларынын (чоюн, болот) компоненти катары мааниси чоң. Б. М. Мурзубраимов.