КӨМҮР ӨЧҮРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨМҮР ӨЧҮРҮҮ - жыгач отундун күйгөндөн кийинки чогун күлгө айлантпай өчүрүп алуу.
Жыгач көмүр темир устанын ж-а зергердин не­гизги отуну болгон. Адатта көмүр сууга жакын токойдо жыйналган жыгачка от жагылып, күй­гөн жыгачтын чоктору улам четинен шиленип алынып, даяр аңга салынган да, топурак м-н жылчыксыз көмүлгөн же суу (кар) себелеп өчү­рүлгөн. Арча, табылгы, четин, шилби, кайың, чычырканак өңдүү катуу жыгачтардан өчүрүлгөн таптуу көмүр алтын ж-а темир эритүүдө, ал эми карагай, тал, терек өңдүү жумшак жыгачтар­дын табы күчсүз көмүрү жумшагыраак заттар­ды (күмүш, жез, калай) эритүүдө колдонулган.
Учурда усталар м-н зергерлер таш көмүрдү пай­даланышат.