КӨМҮР ӨНӨР ЖАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨМҮР ӨНӨР ЖАЙЫ - оор индустриянын не­гизги тармактарынын бири. Көмүр казып алуу, аны ылгоо ж-а брикеттөө иштерин жүргүзөт.
Энергия булагы катары, транспортто, хим. ө. ж-нда колдонулат. Көмүрдөн хим. жол м-н 350дөн ашык продукция өндүрүлөт. Россия кө­мүр казып алуу иштерин 18-к-да баштаган. На­тыйжада көмүр өндүрүү кескин жогорулаган.
СССР көмүр казып алуу б-ча дүйнөдө биринчи орунду ээлеген. Кырг-нда көмүр казып алуу иш­тери Россия бийлик жүргүзүп турган кезде эле башталган. Кийин СССР убагында бир топ ийги­ликтерге жетишкен. 1976-ж. көмүрөндүрүү 1940- жылга салыштырганда 3,1 эсе өскөн. 1976-ж. Кырг-нда 11 көмүр өндүрүп алуучу ишкана иш­теген. Респ-кабызда негизинен күрөң көмүр ка­зылып алынат.
Ад.: Абдрахманов И. Угольная промышленность Киргизии, Ф., 1970; Киргизстан за 50 лет. Ф., 1974.