КӨМҮР КОМБАЙНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨМҮР КОМБАЙНЫ - көмүр казууда бир эле убакта бири-бирине айкалышкан бир нече опе­рацияны (көмүр катмарларын уратуу, аны транспортко жүк­төө ) аткаруучу машина.

Мында көмүр казуучу комбайн - таза­лоочу, өткөөл жүр­гүзүүчүсү, өткөөлчү комбайн деп ата­лат. Комбайн көмүр катмарынын калыңдыгы­на жараша калың, орто, жука катмарды казуу­чу түрлөрдөн турат. Көмүр катмарларынын орун алышы б-ча горизонталдуу, жантайма, тик кат­мар казуучу комбайндарга бөлүнөт. Комплекстүү агрегаттар казылуучу катмардын төбөсүн өзү тиреп, бекитүү иштерин да аткарат. Суткасына 3000-5000 гкөмүр казып алууга болот. Өткөөлчү комбайн көмүр ж-а тоо тектеринен өткөөл жүр­гүзүүчү болуп бөлүнөт. Булардын ондогон түрлөрү бар.