КӨМӨЧ КАЗАН
КӨМӨЧ КАЗАН , таба, көмөчтан - нан бышырууга колдонулуучу чоюн идиш. Өзүнчө эки (астынкы ж-а үстүнкү) табакчадан турат.

Чокко ысытылган
К. к-ды ич май
м-н майлап, ага
ачыган камырды
тегиздеп жаап, К.
к-дын үстүнкү бетин (экинчи пайын) көмөрүп
коёт; чок астына
төшөлүп, үстүнө
көмө үйүлөт.
Мындай бышырылган нан көмөч нан деп аталат. Көмөч
нан жумшак, кубаттуу ж-а тогумдуу келет.