КӨЛ ЧӨКМӨЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛ ЧӨКМӨЛӨРҮ - чөкмө тектердин көл түбүнө чөккөн катмарлары. Пайда болушу б-ча мех. (майда, орто, кесек, сай таш, кум, чопо), хим. (бор, мирабилит, таш туз, гипс, акиташ, сода ж. б.), орг. (чым көң, сапропель, диатомит, дары баткактар ж. б.) түрлөргө бөлүнөт. Туздуу ж-а тузсуз чөкмөлөрдөн турат. Тузсуз көлдөрдүн чет тарабынан мех. чөкмөлөр (түрдүү чоңдуктагы таштар, кумдар), орто жеринен чопо, мергель орун алат. Булардын арасында өсүмдүктөр м-н жаныбарлардын калдыктары кездешет. Көл соолуй баштаганда жээктеринде чым көң, орто­сунда сапропелит ылайы пайда болот. Туздуу, шордуу көлдөрдө хим. чөкмөлөр чөгөт. Көлдөр ар түрдүү (мөңгү, карст көлдөрү ж. б.) болгондук­тан, пайда болгон чөкмөлөрү да түрдүүчө. Кли­маттык шарт (ариддик же гумиддик) ар түрдүү чөкмөлөрдүн пайда болушуна алып келет. К. ч. талкаланган тектердин кесектиги б-ча иргели­ши, анчалык калың эмес катмарланышы, кээ­де линза түрүндө орун алышы м-н айырма­ланат.