КӨЛ-ТӨР МРАМОР КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛ-ТӨР МРАМОР КЕНИ Чүй обл-нун Ысык- Ата районундагы Ивановка кыш-нан 50-60 км түш. тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталын­дагы Көл-Төр суусунун оң жак өйүзүндө жай­гашкан. 1962-ж. табылган. Кен аймагын проте­розой м-н девон мезгилиндеги метаморфизм­делген тектер түзөт. Пайдалуу катмар мрамор­дон туруп, протерозойдун бүктөлүп талкалан­ган тектеринин арасында жатат. Катмардын уз. 80 м, калыңдыгы 6-8 м. Мрамор майда крис­таллдуу, массивдүү. Өңү агыш боз, арасында оли­виндин жашыл темгилдери, сейрек тактары, ай­рым жерлерде каралжын боз, кара тактары учу­райт. Жакшы сайкалданат. Орт. блоктуулугу 20x20x10 см. Имараттардын дубалдарын каптап кооздоого жарамдуу такталарды алууга болот.
Запасы мол.