КӨЛ-ТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛ-ТӨР - Ысык-Көл обл-нун Тоң районундагы кыштак. Көл-Төр айыл округуна караштуу.
Деңиз деңг. 2040 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Бөкөнбаев кыш-нан 30 км түш.-ба­тыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 82 км. Кыштак 1932-ж. орношкон. Калкы 1913 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, ФАП бар.