КӨЛ-ТӨР 1
КӨЛ-ТӨР — Нарын кырка тоосунун түш. капталындагы көл. Ат-Башы районунун аймагында.
Аянты 5 км2. Деңиз деңг. 3820 м бийикте жайгашкан. Ат-Башы өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндөгү
(Жаңы-Жер-Уландын чатына жакын) Көл-Төр
суусунун өрөөнүнөн орун алган. Түш.-чыгыш
тарабынан зор морена катмары м-н тосулган.
Көлдүн чанагы байыркы мөңгүнүн аракетинен
пайда болгон. Кар ж-а жамгыр сууларынан толукталат. Чыгыш жак жээги аскалуу, батышынан жалгыз аяк жол өтөт. Айланасында жапалак арча, о. эле төө куйрук, ит мурун ж. б. бадал өсүмдүктөрү өсөт. Көлдүн бөгөтүнөн сарыгып агып чыккан суу Ат-Башыга оң тараптан
куят.