КӨЛДӨЛӨҢ
КӨЛДӨЛӨҢ , бостекашатып өңдөгөн саңсаң (саксак) териден жасалып, шырдак, ала кийиз, таардын үстүнө төшөлүүчү үй буюму.

Эки-үч териден жасалат, терилердин бучкактары кесилип ташталып, калганы тегизделип, ортосунан жөрмөлүп бириктирилет; К. ичтелип, тегереги көбөөлөнөт. Отурууга жумшак, ыңгайлуу болот.