КӨЛ БУКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛ БУКА (Botaurus) – кунас сымалдар түркү­мүнүн кытандар туку­мундагы куштардын 2 уруусу (чоң ж-а кидик К. б.). Алар суу жээ­гиндеги өлөң чөп, ка­мыш, бадалдуу жерде жашырын, би ри ндеп жашайт. Коркунучту сез­генде, өсүмдүк арасына денесин тик керип, душ­манынан жашынат . Жубу м-н жашап, жер­ге, бадал түптөрүнө уя­лап, 4–9 жумуртка тууйт, 28–30 күн басат.
Балык, бака ж-а омурт­касыздар м-н азыктанат. Бардык континентте таралган 14 түрүнүн төр­төө КМШ өлкөлөрүндө, Кырг-нда эки түрү бар. Жазында эркеги катуу үн чыгар гандыкт ан, К. б. деп аталган.

––––––––