КӨК ЧАЙ ЧӨП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК ЧАЙ ЧӨП (Origanum) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Сабакка тушташ жайгашкан жөнөкөй жалбырактуу, бийикт. 20–50 см болгон көп жылдык өсүмдүк.

Гүлү майда, мала же көгүш кызыл. Топ гүлү шыпыргыдай же калканчадай. Евразияда 20дан ашуун түрү өсөт. Кырг-нда 2 түрү кездешет. Алар токойдун ачык жеринде, өзөн боюнда, нымдуу боздоңдо, жапыз тоолордон субальпы алкагы­на чейин таралган. Курамында эфир майы, боёк заттар, аскорбин к-талары бар. Кургатылган гүлү м-н жалбырагы медицинада, ликёр-арак чы­гарууда, о. эле тамакка жагымдуу жыт берүү үчүн колдонулат.