КӨК ТОЮТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК ТОЮТ – жаңы чабылган чөп же жайытта мал откорулуучу өсүмдүк. Мал К. т. м-н эрте жаздан кеч күзгө дейре үзгүлтүксүз тоюттанды­рылат. Табигый ж-а эгилме жайыт, көп ж-а бир жылдык чөп, тоюттук бакча өсүмдүгү (кабак, ашкабак ж-а дарбыз), азык тамырлуу (турнепс, тоют кызылчасы, тоюттук сабиз) ж. б. өсүмдүктөр К. т. болуп эсептелет. К. т. негизи­нен үчкө бөлүнөт – табигый, эгилме ж-а ара­лаш. К. т. үчүн пайдаланылуучу чөп өсүмдүк­төрүнүн сабагы катканга чейин 60–80% суу, 2– 6% чийки протеин, 0,2–2% май, 6–2% азотсуз заттар, 4–25% клетчатка, 2–7% күл кармайт, о. эле каротинге, витаминге бай. 100 кг чанак уруктуу өсүмдүктө 15–20 тоют бирдиги ж-а 3– 3,5 кг аш болумдуу протейин болот. К. т. малга сиңимдүү болгондуктан, негизги тоют катары эсептелет. Суткасына уй 40–80, кой 6–9, чочко 8–12, жылкы 40–50 кг. К. т. жейт. Малды К. т. м-н үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн ар бир дый­кан чарбасы мүмкүнчүлүгүнө жараша жашыл конвейер уюштуруп алса болот.