КӨК-ТАШ 2

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-ТАШ – Талас обл-нун Бакай-Ата районунда­гы кыштак. К. Акназаров айыл округуна ка­раштуу. Деңиз деңг. 890 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай-Ата кыш-нан 15 км түш.-чыгыш тарапта. Жамбыл (Казакстан) т. ж. бекетинен 93 км. Кыштак 1938-ж. негизделген. Калкы 1001 (2010); негизинен дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Тегирмен иштейт.