КӨК-ТАШ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-ТАШ – Жалал-Абад обл-ндагы шаарча.
Майлы-Суу ш-нын курамына кирет. Майлы-Суу ш-нан 12 км түш. тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 106 км аралыкта жайгашкан. Шаар­ча кыштак катары 1949-ж. негизделген. Аянты 75 км2. Калкы 2,7 миң (2009). Орто мектеп, ки­тепкана, амбулатория, клуб (кышкы ж-а жай­кы) бар. Соода түйүндөрү иштейт. Шаарчанын чегинен нефть, газ кендери казылып алынат.