КӨК-СУУ (ЧЫГЫШ)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-СУУ (ЧЫГЫШ) – Алай районунун аймагы аркылуу аккан суу. Чыгыш Кызыл-Суунун ала­бына кирет. Алайкуу кырка тоосунан башта­лат. Уз. 80 км, алабынын аянты 976 км2. Жо­горку агымында кууш өрөөн аркылуу агат. Өзөнү ичке келип, көптөгөн босоголор кезигет. Ортон­ку агымында өзөнү кеңейип барып, Кызыл-Суу­га куят да, андан кийин чыгышты (Кытайды) карай агат. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы 14,7 м3/сек. Май айында кире баштап, октябр­да тартылат. Боюнда Эркеч-Там кыш. орун алган.