КӨК САЙКАЛ
КӨК САЙКАЛ (Veronica) – өсүмдүктөрдүн норичниктер тукумунун уруусу. Бир, көп жылдык чөп, чанда майда чала бадалча. Бийикт. 20–60 (100) см, сабагы тик өйдө, кээде жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы негизинен бүтүн жээктүү, кээде майда жарым айчыктуу же тилкелүү. Сабакка тушташ жайгашкан. Гүлү сабактын учунда, шыпыргыдай, калемчедей топ гүлгө чогулган, кээ бир түрүнүн гүлү жалбырак колтугуна бирден өсөт. Эки эриндүү, түтүкчөдөй, көк, агыш көк, ак. Аталыгы 2, энелиги 1, мөмөсү эки уялуу кутуча, уругу ар бир уяда 1–12ден болот. 300 түрү бардык жерде тараган. Кырг-нда 30дан ашуун түрү өрөөндөн бийик тоого чейин өсөт. Айрым түрү кооздук үчүн өстүрүлөт.