КӨКӨТӨЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨКӨТӨЙ Өмүрбек уулу, К ө к ө т ө й ч е ч е н (1849, Нарын району, Миң-Булак айылы – 1916, Үркүндө жолдо каза болуп, сөөгү Тарагай та­раптагы Боз-Жалпак – Май-Дөбө деген жерге коюлган) – чечен, билгир, санжырачы. Тыным­сейит уруусунун жаманак уругунан. Кичинеси­нен эле баамчыл, сезгич, куйма кулак, кепке ынак өскөн. К. өз мезгилинин акылман ойчу­лу, өз оюндагысын тартынбай бетке айткан, чу­кугандай сөз тапкан куйкум сөздүн чебери, сын­чы, сүрөткер, жармачка жардамдашкан боору­кер адам болгон. Ал алдамчы, ач көз, сүткор зулум кошоматчыларды курч сөздөрү м-н ашке­релеген. К-гө учурунда айтылуу эл ырчысы Арс­танбек баа берген, Ы. Борончиев да жогору баа­лаган. А. Тыныбеков, Т. Сыдыкбеков анын акыл­ман, нуска, насыят, таамай, чечен сөздөрүн көр­көм чыгарма, Мукаш Найманбай уулу радио­пьеса жазышкан.


Ад.: Сыдыкбеков Т. Күлкү жана өмүр. Ф., 1988.