КӨКӨМЕРЕН КАПЧЫГАЙЫ
КӨКӨМЕРЕН КАПЧЫГАЙЫ – Ички Теңир-Тоодо субмеридиан багытта жайгашкан антецеденттик капчыгай. Жумгал районунда. Жумгал м-н Суусамыр тоолорун бөлүп турат, өрөөндөрүн байланыштырат. Уз. 46 км, туурасы 40–120 м. Капталынын бийикт. 600–1450 м, тиктиги 30–75°,
кээде 80–85°. Баш жагында Сандык-Кишиней
капчыгайы (капталы 40–45°) бар. Андан ылдый
кененирээк Ой-Кайыңды (оң бети 38–40°), андан кийин шагыл-корум, боз граниттүү Бороондуу (Бообек), орто бөлүгүндө Кызыл-Ой тектон.

өрөөнү, төмөнкү агымында кумдук ж-а акиташ тегин кескен Көк-Кайыңды (Курган), Ой-Теректен өткөндөн кийин түш.-чыгышка бурулуп, кууштап, Жумгал өрөөнүнө чыккан жери Үч- Кум-Күнгөй деп аталат. Мында туурасы 150– 200 мге жетип, сол жагында палеогендин кызыл чополуу конгломераты бар. Капчыгайдын чарбалык мааниси чоң; ГЭС каскаддарын курууга өтө ыңгайлуу.